Төө-Ашууда кар жаап жатат. Буга чейин Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, аймакты караган №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө. Каттам бар. Ушундай эле жумуштар Өтмөк жана Ала-Бел ашууларында аткарылып жатат. Жол ачык.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Кызыл-Бел ашууларында да кум чачуу иштери жүрүп жата. Каттам бар.
Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында жол ачык, каттам бар. Аймакты караган №960 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жол тазалоо иштери аткарылууда. Азыркы тапта кардын калыңдыгы 15-20см жетти.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.