Бүгүндөн баштап 7-августка чейин Төө-Ашуудагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннелде унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет, деп билдирет Транспорт министрлиги.
Кабаралгандай, бул күндөрү күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн жолду оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.
График:
Саат 04:00 — 06:00гө чейин,
08:00 — 10:00гө чейин,
12:00 — 14:00гө чейин жабылат.
Калган убакта каттам толугу менен ачык болот.
Министрлик айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү транспорт каражаттарына чектөө киргизүү боюнча аргасыз чарага түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.