Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ун чыгаруучу ишкана ачылды. Маалыматты айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков тастыктады.
Анын айтымында, аталган ишкана Ысык-Көл облусун ун менен камсыздайт. Мындан сырткары жергиликтүү калк үчүн ондогон жумуш орундары түзүлдү.
Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 70 тоннаны түзүп, 1 жана 2-сорттогу ун чыгарылат.