Нарындын Ак-Талаа районунда ири суу сактагыч куруу пландалууда. Президенттин Нарындагы өкүлчүлүгү билдиргендей, “Жаман-Даван” суу сактагычы курулса, Ак-Талаа районундагы 2 миң гектар аянт сугат суу менен камсыздалып, 3 миң гектар аянтка суу берүү жакшыртылат.
«Учурда Суу чарба башкармалыгына долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо тапшырылды» деп айтылат маалыматта.
Долбоордун жалпы суммасы 700-800 миллион сомду түзөт.