7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төө-Ашуудагы туннелге асфальт төшөө иштери мөөнөтүнөн мурда аяктады

962

Төө-Ашуудагы туннелге асфальт төшөө иштери мөөнөтүнөн мурда аяктады. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

Анын айтымында, эми жол сызыктары чийилген соң чектөөлөр алынат.

«Болжол менен 2-август күнү кечки саат 16:00дөн кийин чектөө алынат, азырынча мурдагы графикти кармап турабыз. Буга чейин айтылган 6-августка жеткирбей жол толугу менен ачылат. Эртең дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт басылат», — деди ал.

Текебаев белгилегендей, туннель кызматына айлана-чөйрөнү, туннелдин кире бериш жерлерин көрктөндүрүү боюнча тапшырма берилген. Жакынкы күндөрү иштер башталат, ал учурда унаалар үчүн эч кандай чектөөлөр болбойт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

963