7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Түндүк электр” ААК абоненттери үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты

745

«Түндүк электр» ААКдан билдиришкендей, электр энергиясын керектөөчүлөргө болгон карызы тууралуу өз убагында маалымдоо максатында мобилдик тиркеме иштелип чыккан.

Маалыматка ылайык, бул тиркеме керектөөчүгө электр энергиясы үчүн болгон карызы жөнүндө маалымдайт жана төлөм өз убагында төлөнбөгөн учурда бул тууралуу абонентке күн сайын эскертүү келип турат. Тиркеме ошондой эле оңдоо иштеринин жүрүшүндө өчүрүү аймактарынын тизмесин, акы төлөнүүчү кызматтар үчүн калькуляторду, жаңылыктарды жана башкаларды көрсөтөт.

«Пайдалуу программаны «Play Market» жана «AppStore» тиркемелеринен «Түндүк электр» ААКсы» издөө тилкесиндеги суроо-талап боюнча жүктөп алсаңыз болот. Жүктөп алгандан кийин, сиз суралган маалыматтарды киргизүү менен каттоодон өтүшүңүз керек»,- деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

746