7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түптө айдоочу рулга ээ боло албай, эки киши көз жумду

704

Ысык-Көлдүн Түп районунда Subaru Legacy В4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол кырсыгына кабылып, эки киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, түнкү саат 01:00дөр чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 187-чакырымында болгон. Кырсыктын кесепетинен каза болгон 29 жана 19 жаштагы эркек кишилердин сөөгүн куткаруучулар милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Мындан сырткары, 19 жаштагы дагы бир бала жаракат алып, Тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилген.

Айдоочу бактарды аралап кеткенин жана унаа катуу талкаланып, экиге бөлүнүп кеткенин байкоого болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

705