7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түптө соцкамсыздоо башкармалыгынын эсепчиси кармалды

564

Түп райондук социалдык камсыздоо башкармалыгынын эсепчиси 1 млн 100 миң сом уурдаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Калкты социалдык жактан коргоо мамлекеттик органдарындагы системалуу коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын алкагында УКМК тарабынан Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн финансылык отчёттуулук жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн башкы адиси С.Н.Д. тарабынан 1 млн 113 миң 765 сом суммасында бөлүнгөн каражатты мыйзамсыз ыйгарып алуу жана ысырап кылуу фактысы аныкталды.

2024-жылдын 31-январында мамлекеттик бюджеттин акча каражаттарын мыйзамсыз пайдаланган деп айыпталган С.Н.Д. кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

565