7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түптө жаңы милициянын көчмө кабылдамасы иштей баштады

288

Түптө жаңы милициянын көчмө кабылдамасы иштей баштады. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жаңы милициянын көчмө кабылдамасы, өзүнүн биринчи иш сапарын Түп районунун алыскы айылдарынын тургундары менен кезигүүдөн баштады.
Аталган аймактардын тургундары райондук борборлордон алыс жайгашканга байланыштуу өз убагында, жеке эле милицияга эмес, башка мамлекеттик бийлик органдарына өздөрүнүн арыз-муундары боюнча кайрылууга мүмкүнчүлүк болбой калат. Ошондуктан, жаңы милициянын көчмө кабылдамасы алыскы айылдарынын тургундары менен жолугушуудан баштады.


Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Улан Асанбаевдин айтымында, буга чейин иштеп жаткан милициянын көчмө кабылдамалары жергиликтүү элдерди тейлөөдө өздөрүн жакшы жактарынан көрсөтө алышты. Өткөн жылы, Каракол, Балыкчы шаарларында жана Ысык-Көл, Жети-Өгүз райондорунда кызмат жүргүзгөн милициянын көчмө кабылдамалары 521 жолу калктуу пункттарга чыгышып, элдерди кабыл алышкан. Укук коргоо багытынан сырткары кабыл алынган 112 кайрылууларды туура жагынан чечүүгө жетише алышкан.


«Жакшы натыйжага, жогорку деңгээлдеги коопсуздукка жетүү үчүн, жарандар менен милиция биргелешип аракеттенгенде гана жетишет. Бул биздин башкы максаттарыбыздын бири. Ал эми милициянын көчмө кабылдамаларын ишке киргизүү менен, биз бул максатка жетүүгө жол ачабыз. Себеби, милициянын көчмө кабылдамалары милицияны элге жеткиликтүү болушуна шарт түзөт», — деп белгиледи областтык милициянын башчысы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

289