7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрөт үйүндө каза болгон аялдын күйөөсү милицияга арыз жазды

264

Өткөн жылдын 11-ноябрында Кара-Көл аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө бир аял каза болгон. Анын күйөөсү милицияга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, төрөт учурунда каза болгон аялдын өлүмү былтыр 11-ноябрда медициналык мекеменин хирургия бөлүмүндө кесарево операциясынан кийин болгон. Анын күйөөсү, Кетмен-Төбө айылынын тургуну, Кара-Көл шаардык ооруканасынын төрөт үйүнүн дарыгерлерине чара көрүүнү суранган, анткени ал аялынын өлүмүнө дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болгон деп эсептейт.


2020-жылдын 3-декабрында Кара-Көл ОВДсында, бул иш Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 152-беренеси («Медициналык кызматкердин кесиптик милдеттерин туура эмес аткаруусу») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Кара-Көл шаардык ооруканасынын кызматкерлери менен маектешүү жүргүзүлүп, экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

265