7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түрк блогерлери Кыргызстандын кооз жаратылышына саякатка чыкты

661

Бүгүн түркиялык блогерлерден турган делегация Балыкчы – Токмок багыты боюнча каттаган поезд менен Кыргызстандын кооз жаратылышын көрүү үчүн саякатка чыкты.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиргендей, туристтер ВИП жана ВИП-купе вагондорунда жайгашып, Боом капчыгайынын керемет көрүнүштөрүнө суктана алышты.

Түрк блогерлери саякаттан алган таасирлери менен учурда миллиондогон аудиториясы менен бөлүшө баштады. Бул чет өлкөлүк саякатчылардын Кыргызстандагы уникалдуу пейзаждарга жана анын меймандостугуна болгон кызыгуусун арттырууга жардам берет. Анын аркасында өлкөгө жаңы туристтердин келүүсү көбөйөт.

662