7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда 4 жаштагы кызды зордуктоого шектелип Кыргыз жараны кармалды

650

 

 

Түркия мамлекетинде 4 жаштагы кызды зордуктоого шектелип Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, аталган өлкөнүн полиция кызматкерлери 4 жаштагы Е.Г. аттуу кызды зордуктаган деген шек менен 27 жаштагы Кыргыз жаранын кармаган.

«Зордукталган кыз анын аялынын жээни болгон. Х.А. аттуу Кыргыз жараны буга чейин Орусияда жашап жүрүп, жакында гана жубайы А.Д. менен бирге Кушадасы аймагына көчүп келишкен. Алар аялынын бөлөсү М.У. менен бир көчөдө кошуна турушчу.

М.У.нун айтымында, ал түнү ойгонсо жанында кызы жок экенин көрүп, эжеси А.Д.га чалган. Кичинекей кызы алардыкында экенин билген соң, ал үйгө алып келүүсүн суранган. Алып келишкенде кыз корккон абалда болгонун көрүп, апасы андан эмне болгонун сураганда кызы аны Х.А. зордуктаганын айткан. Жыйынтыгында шектүүнү полиция кармап абакка киргизген. Шектүү буга чейин 4 жолу ар кандай кылмыш иштери боюнча соттолгону аныкталды», — деп жазылат түрк басылмаларынын маалыматында.

 

Булак:Super.kg

651