7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,69
USD 0,00%
102,57
EUR +0,14%
1,14
RUB +0,48%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
19°C

Тогуз-Тородо тартип сакчылар элдин арыз-даттанууларын угууда

167

Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулуктун жана ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында милиция тарабынан тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү милициянын көчмө кабылдама унаасы менен жарандардын арыз-даттанууларын жеринде угушууда. Алар жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү маселелерине көңүл бурушуп, түшүндүрүү иштерин кошо алып барышууда. Кылмыштуулуктун алдын алууда жарандардын кайдыгер мамиледе болбой милиция менен тыгыз кызматташуу зарылдыгы жеткирилүүдө. Ошондой эле жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү жумуштары жүргүзүлүүдө.

Профилактикалык жумуштар Чаткал РИИБдин кызматкерлери жана райондук билим берүү бөлүмү тарабынан да алып барылууда. Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору аба-ырайынын суук мезгилдерине карабастан мектеп окуучулары менен жолугушууларды өткөрүшүүдө. Окуучуларга терс көрүнүштөрдөн алыс болуу керектиги эскертилип, сабактарды калтырбай татыктуу билим алуу зарылдыгы айтылууда.

Ал эми Таш-Көмүр ШИИБдин имаратында 60 жашка толгон ички иштер органдарынын ардагери Жанузак Жылтырбековго ИИМдин «Кыргыз милициясына 95 жыл» юбилейлик медалы тапшырылды.

 

 

168