Аткезчилик менен 1 миллиондон ашык зыян алып келген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 270 беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин негизинде (аткезчилик) сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинде (Ысык-Ата району) 2002-жылы чыгарылган «Volvo FH12 420» жүк ташуучу унаасын мыйзамсыз каттоо фактысы боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.