7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда аскердик тик учак кулап, каза болгондордун саны өсүүдө

780

Түркиянын чыгышында тик учактын кулашынан каза болгон аскерлердин саны 11ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин берген маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, 4-мартта Битлис провинциясында «Eurocopter AS532 Cougar» аскердик тик учагы кулаган. Алгач кырсыктан тогуз түрк аскери каза болуп, төртөө жаракат алганы кабарланган.

Акыркы маалыматтар боюнча, жаракат алгандардын экөө алган жаракаттарынан улам көз жумган. Кырсыктан жабыркагандардын саны он бир адамга чейин көбөйдү. Курман болгондордун бири түрк кургактык күчтөрүнүн 8-корпусунун командири генерал Осман Эрбаш болгон. Дарыгерлер дагы эки жарадардын өмүрү үчүн күрөшүп жатышат.

«Коргоо министри Хулуси Акар президент Режеп Тайип Эрдоганга окуя тууралуу маалымат берди. Акар Түркиянын штаб башчысы жана кургактык күчтөрүнүн командири окуя болгон жерге барды. Каргашанын себептерин иликтөө иштери башталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык техникалык мүчүлүштүктөрдөн жана аба ырайынын начар шарттарынан улам болушу мүмкүн», — деп жазылат маалыматта.

 

781