7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык кыз аман табылды

758

Стамбулда эки аптадан бери дайынсыз болуп жаткан кыз табылды. Кыргызстандык кыз бүгүн, 5-июлда аман-эсен табылганын Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев «Азаттык» радиосуна билдирген.

«Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбековдун жана Түркиянын ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташтын жеке көзөмөлүнүн, тыгыз иштөөсүнүн натыйжасында Стамбулдун Кадыкөй районунда кыз аман-эсен табылды, анын туугандары жанында. Улан Ниязбековго жана Мехмет Акташка ыраазычылык билдиребиз. Кыскача тергөө иштери болот, ошондон кийин кыз туугандары менен чогуу Кыргызстанга жөнөтүлөт»,- деген.

Эскерте кетсек, 20 жаштагы Жазгүлдүн апасы кызын таба албай жатканын айтып Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугуна 24-июнда кайрылган. Стамбулга Бишкектен учак менен жетип, андан ары автобус менен Болгариянын Варна шаарына жөнөп кетмекчи болгон кыздын жоголушу коопсуз миграция маселесин күн тартибине чыгарган.

Айрым маалыматтарда кыз акыркы жолу таанышынын Инстаграм баракчасынан апасына телефону жоктугун, кыйналып жатканын билдирип, ошол бойдон байланышка чыкпаганы айтылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

759