Түркияда күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу 7 чакырым тереңдикте болгон. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
«Кахраманмараш провинциясынын Гөксүн районунда саат 12:19да күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды» — деп берилет маалыматта.
Эскерте кетсек, Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш провинциясында 6-февралда күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен жер титирөөлөр болду. Жер титирөө өлкөнүн 11 провинциясында жана коңшулаш мамлекеттерде, анын ичинде Сирияда да сезилген. Түрк бийлиги 50 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган жер титирөөнү “кылымдын катастрофасы” деп атаган.