7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда зилзаладан жабыркаган 41 миң 791 имарат бузулат

663

Бүгүн, 16-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 12:00 Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 35 418 адамга жетип, 105 505 адам жарадар болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев билдирди.

Ал эми, Түркия Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттын өзгөрүүсү боюнча министри Мурат Курумдун айтымына ылайык, жер титирөөдөн жабыркаган 10 облустагы 41 791 имарат калыбына келтирилбейт жана бузулат.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, миңдеген жарандар каза болуп, миңдеген жарандар жарадар болушкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

664