7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиядагы зилзала: Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо иштери уланууда

542

Кыргызстандын Түркиядагы өкүлчүлүктөрү жер титирөөдөн жабыркаган аймактардан Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоо боюнча иштерди улантууда.

1. Казакстан Республикасынын учагы менен Газиантеп шаарынан Кыргызстандын 22 жараны, анын ичинде 1 жаш бала эвакуацияланды.
2. 8 жаран Хатай шаарынан чыгарылды;
3. 12 жаран, анын ичинде 2 бала Анкарага жөнөтүлүп, аларды диаспора өкүлдөрү тосуп алып, үйлөрүнө жайгаштырышты;
4. Өзбекстан Республикасынын атайын учагы менен Ташкент шаарына жарандарды эвакуациялоо иштери иштелип чыкты. Кыргыз Республикасынын 6 жаранын жөнөтүү пландалууда.
5. Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жана Анталия менен Стамбул шаарларындагы Башкы консулдуктарынын дипломаттары тарабынан кырсык болгон аймактагы Кыргызстандын жарандарына жылуу кийим-кече, жууркан-төшөк, суу жана тамак-аш менен жардам көрсөтүү боюнча чаралар көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, саат 09:00гө карата (жергиликтүү убакыт боюнча) Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 12391 кишиге жетип, 62914 киши жаракат алды. ТИМдин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында каза болгондор жок.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

543