Түркиянын белгилүү актрисаларынын бири Дениз Байсал кино тармагында ийгиликке жетүү үчүн көп күч жумшаган. Бир учурда атактуу кино жылдыздарындай болсом деп кыялданып келген Дениз тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып беребиз.
1. Дениз 1991-жылы жазында Түркиянын Измир шаарында төрөлгөн.
2. Балачагы Измир шаарынын Яманлар тоосунун этегинде өткөн.
3. Актрисанын балалыгы үй-бүлөлүк кыйынчылык күндөргө туш болгон. Ата-энеси 6 жашында эки ажырым жолго түшүп, көп өтпөй атасы башка үй-бүлө куруп балалуу болгон.
4. Ал апасынын колунда калган, бирок атасы менен дагы байланышты үзгөн эмес. Апасы рак оорусун жеңип, кызы үчүн үлгү болгон эрктүү аял болгон.
5. Дениздин актерлукка болгон кызыгуусу бала кезинен эле байкалган. Алгач мектеп сахнасында клоундун ролун ойноп, ошол жерден класс жетекчиси театр агенттигине алып барып, чыгармачылыгы башталып кеткен.
6. Кызынын актриса болуусун ата-энеси такыр каалаган эмес. Алар актёрдук чеберчилик мектептеги окууга тоскоол болот деп чочулашкан. Бирок Дениз өжөрлүгүн көрсөтүп, чоң сахнага чыгуу кыялын таштаган эмес.
7. Актрисанын хоббисинин бири бул баскетбол болгон. Апасы ден-соолукка кам көрүү үчүн спорт менен машыгууну талап кылган. Дениз баскетбол командасынын биринде ойноп, оюн учурунда мурдун сындырып алган. Кийин актриса мурдун түздөтүү үчүн ринопластика жасаткан.
8. 2009-жылы мектепти аяктагандан кийин ата-энесинин каршылыгынан чыга албай Джелаля Байара университетине тышкы соода факультетинде окуган.
9. Ал 2012-жылы «Потерянный город» тасмасына тартылып атактуулукка жеткен.
10. Дениздин бою 1,71 метр, салмагы 56 килограмм. Бир калыпта жүрүш үчүн ал спорт менен машыгат, бирок диета кармабайт.
11. Бош убактысында китеп окуп, жаратылышка чыгып, улуттук тамак-аштарды жасаганды жакшы көрөт.
12. Дениз 2014-жылы Фуркан Андыч менен мамиле куруп, 2 жыл сүйлөшкөндөн соң эки айрым жолго түшүшкөн.
13. 2016-жылы менеджери Барыш Юртчу менен сүйлөшө баштаган, бирок сүйүүлөрү узакка созулган эмес. Ошол эле жылы кино аянтында кесиптеши Угур Курул менен таашынып, кыз-жигит мамилесинде жүрүшкөн, бирок кандайдыр бир себептерден улам эки ажырым жолго түшкөн.
14. 2018-жылы менеджери Барышка турмушка чыгууга макул болгон. 2019-жылдын 6-сентябрында түгөйлөр баш кошушкан. Үйлөнүү үлпөт тою Эгей деңизинин жээгинде өткөн.
15. Азыркы учурда Дениз продюсерлик менен режиссерлукту үйрөнүп, кино тартканга аракет кылып жүрөт.