7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиянын атактуу блогерлери Кыргызстанда

403

Бүгүн, 24-сентябрда «Манас» эл аралык аэропортунда боордош Түркиядан келишкен атактуу блогерлерди тосуп алуу аземи өттү.

«Боордош, бир тууган Түркия элинин атактуу, миллиондук катталуучулары бар блогерлери Кыргызстанга келип отурушат. Конокторубуз 24-27-сентябрь күндөрү өлкөбүздүн бардык туристтик жайларын көрүшүп, элибиздин меймандостугу менен таанышышат. Мындай достук иш-чара президентибиз Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдогандын түзгөн жылуу, бир-туугандык мамилелеринин жемиши болуп отурат. Анткени, бул атактуу блогерлер түрк элине керемет жаратылышыбызды, маданиятыбызды, меймандостугубузду көргөзүү менен туризмдин өнүгүшүнө чоң салым кошуп, Кыргызстанды дүйнөгө ачып беришмекчи»,- деп билдирди «Манас» аэропортунун төрагасы Манасбек Самидинов.

Бул визит Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы туристтик байланыштарды чыңдоого, ошондой эле өлкөбүздү эл аралык аренага таанытууда маанилүү кадам болуп саналат.

404