7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркмөнстан Борбор Азияда алгачкылардан болуп «Спутник V» вакцинасын каттады

317

Түркмөнстандын Саламаттык сактоо министрлиги 18-январда Орусия өндүргөн «Спутник V» вакцинасын каттоого алып, тиешелүү сертификат тапшырды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги менен Орусиянын Түз инвестициялар фонду кабарлады.


Маалыматка караганда, вакцина Түркмөнстанда кошумча клиникалык сыноолорсуз эле чукул колдонуу үчүн жактырылды.


Буга чейин «Спутник V» вакцинасы Алжирде, Аргентинада, Боливияда, Сербияда, Палестинада, Венесуэлада жана Парагвайда чукул колдонуу үчүн каттоого алынган.
Түркмөнстан — COVID-19 өз аймагында бар экенин четке каккан БУУнун жападан-жалгыз мүчөсү.


Былтыр августта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өлкөдө пневмониядан каза болгондор көбөйгөнүнө тынчсыздануусун билдирип, расмий Ашхабадга коронавирусту аныктачу тестирлөөнү өткөрүүнү сунуш кылган.
Буга чейин Түркмөнстандын бийлиги башка себептерди шылтоо кылып, жарандар үчүн бир катар чектөөлөрдү, анын ичинде беткап режимин киргизген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

318