7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркмөнстан жөнөткөн гумжардам Бишкекке келди

581

Түркмөнстан гуманитардык жардам катары жөнөткөн 2 миң тонна суюлтулган газ Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Темир жол аркылуу келген 58 вагон жүктү тосуп алуу иш-чарасына Энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев дагы катышты. Министрдин орун басары Түркмөнстандын президентине, Түркмөнстандын Энергетика министрлигине жана Түркмөнгаз мамлекеттик концернинин төрагасына ыраазычылыгын билдирди.

Буга чейин коңшу Өзбекстан да гуманитардык жардам катары 1 миң суюлтулган газ баллондорун жөнөткөн.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.

 

582