Бишкекте жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайтканынын 17 жылдыгына карата “Чыңгыз Айтматов түрк дүйнөсүнүн келечеги” форуму өттү.
Кыргыз Улуттук илимдер академиясы тарабынан уюштурулган форум Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ), Кыргыз Илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институту жана Анкарадагы Чыңгыз Айтматов атындагы институттун колдоосу менен өттү.
Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата өкмөттүн пландарына токтолуп, «Айтматов 20-кылымдын генийлеринин бири. Ал өз чыгармаларында бүгүнкү дүйнөнү абдан жакшы сүрөттөп берген. Ал кризистин алдын алуу үчүн эмне кылуу керек экенин, бүгүнкү күндөгү экологияга болгон мамилелер кандай деңгээлде өнүгүп, кандай деңгээлде болушу керек экенин көрсөтүп берди», — деди.
ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев Түркияда түзүлгөн Чыңгыз Айтматов институту алгачкы ишмердүүлүгүн Кыргызстанда жүргүзгөнүн билдирип, институттун ишке киришин куттуктады.
«Чыңгыз Айтматов институтунун түптөлүшүнө жол ачкан, боордош Түркиянын жакынкы тарыхында маанилүү кызматтарды аткарган МХПнын (Улутчул кыймыл партиясы) төрагасы Девлет Бахчелиге жана Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын депутаты Ильяс Топсакалга чын жүрөктөн ыраазычылык жана урмат-сыйыбызды билдиребиз»,-деди ТҮРКСОЙдун баш катчысы.
Форумда Чыңгыз Айтматов институтунун төрагасы жана МХПнын төрагасынын орун басары профессор, доктор Ильяс Топсакалга Илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун төрагасы Акматалиев тарабынан «ардактуу академик» наамы ыйгарылды.