УКМК жүргүзгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ЖК-27 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан 1984-ж.т. Б.Э.М., «Фейсбук» социалдык тармагына «Алып Качар Салып Качар» аталыштагы «фейк аккаунт» ачып алып, болжол менен 2025-жылдын январь айынан баштап, массалык баш аламандыкка, бийликти күч менен басып алууга чакырык менен коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган провокациялык басылмаларды системалуу түрдө Интернетке жайгаштыра баштаган.
Топтолгон материалдардын негизинде КР УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2025-жылдын 2-июнунда «Массалык баш аламандыкка чакыруу» жана «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу» беренелери боюнча кылмыш жасаган деп айыпталган.
Такталгандай, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ЖК-27 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатып, блогер Б.Темиров менен тыгыз байланышта болуп, «Temirov Live» долбоорунун жетекчисине, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ичиндеги абалы тууралуу маалыматтарды берип, андан тиешелүү тапшырмаларды алып турган.
Эксперттин корутундусуна ылайык, “Алып Качар Салып Качар” аккаунтунда мамлекеттик кызматкерлердин жана уюмдардын массалык баш аламандыктарды уюштуруу боюнча мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, аларга катышууга чакырыктар, ошондой эле жарандарга зомбулук кѳрсѳтүү камтылган. Мындан сырткары, бийликти күч менен басып алууга жана Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө коомдук чакырыктардын белгилери да камтылган.
Учурда сотко өткөрүп берүү үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. УКМК жогоруда айтылган кылмыштын белгилерин камтыган чагымчыл материалдарды тараткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.