7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таалатбек Масадыков Евробиримдиктин Афганстан боюнча атайын өкүлү менен жолукту

594

Президенттин атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Европа Биримдигинин Афганстан боюнча атайын өкүлү Томас Никлассон жана Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн Элчиси Мэрилин Йосефсон менен жолукту.

Европа делегациясы менен болгон жолугушууга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Афганстан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Абдуразаков дагы катышты.

Тараптар Афганстанда болуп жаткан кырдаалды жана афган элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуу максатында өз ара кызматташууну талкуулашты. Ошондой эле, аймактык чакырыктар боюнча пикир алышуу менен бирге аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жасоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Таалатбек Масадыков, жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, Батыштын жана Афганстандын ичинде жана бүтүндөй аймакта күндөн-күнгө татаалдашып бараткан кырдаалды жөнгө салуу жолдорун тез арада издөөнүн зарылдыгын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

595