Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Тышкы иштер министрлигинин Афганстан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча Элчи Авазбек Атаханов менен биргеликте Өзбекстанга, Пакистан Ислам Республикасына, Афганстан Ислам Эмиратына, Иран Ислам Республикасына жана Бириккен Араб Эмираттарында жумушчу сапар менен болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сапарлардын алкагында 7-апрелден 20-апрелге чейин бул өлкөлөрдүн күч түзүмдөрүнүн жана башка мамлекеттик ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле эл аралык эксперттер менен бир катар маанилүү жолугушуулар жана консультациялар өттү.
Сапарлардын негизги максаттарынын бири аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, Афганстандагы кырдаалдын өнүгүшүн, атап айтканда, Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча потенциалдуу коркунучтарга жана тобокелдиктерге жана аймактык кызматташууга байланышкан маселелерди талкуулоо болду.