7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айдоочуга бычак сайып, карактайлы деген 2 жигиттин бири өлүп, экинчиси кармалды

762

Чүй облусунда такси айдоочуну тоноп-өлтүрүүгө аракет кылган 2 жигиттин бири өзү каза таап, экинчиси кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБи билдирет.

18-апрелде тункү саат эки жарымдар чамасында такси айдап акча тапкан 33 жаштагы жаран өзүнүн «КИА» унаасы менен баратканда, анын машинесине 2 жаш жигит отуруп, Бишкектен Кашка-Суу айылына жеткирүүнү сураган.

Айтылган жерге жеткенде унаанын артында отурган 20 жаштагы жигит айдоочунун мойнуна бычак сайып, качып кеткен. Бирок айдоочу мойнуна сайылган бычакты сууруп алып, 19 жаштагы экинчи жигитке 2 жолу бычак сайган. Ал ооруканага жеткиче каза болгон.

Бул факт боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кылмыш иши козголду. 2004-жылы туулган жигит кармалып, камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.

763