7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талант Мамытов эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары менен жолугушту

261

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 11-январда, президенттик шайлоо жана өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзгөн эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушууга КМШ, ШКУ, ЖККУ Парламенттик Ассамблеясы, ТМКК, ТүркПА, Ислам Кызматташтык Уюму, Россия Федерациясынын БШКсы, Өзбекстан Республикасынын БШКсынан эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары катышты.
Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу кезексиз президенттик шайлоо менен референдум Кыргызстан эли үчүн, айрыкча, парламенттик шайлоонун жүрүшүндө болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар аныкталган Октябрь окуясынын өңүтүндө өтө чоң мааниге ээ болгонун белгиледи.


Талант Мамытов шайлоо менен референдумду тынч, ачык-айкын жана акыйкат өткөрүү үчүн бардык чаралар көрүлгөнүн өзгөчө белгиледи.
«Үгүт кампаниясын жүргүзүүдө президенттикке ат салышкан бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттар түзүлдү, ал эми жарандардын саясий позициялары менен көз караштарын билдирүүсүнө эч кандай тоскоолдуктар болгон жок», — деп айтты Президенттин милдетин аткаруучу.

Талант Мамытов шайлоо процессине эл аралык байкоочу катары жигердүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык айтып, бул өлкөнүн укуктук талаага кайтып келүүсүндө, коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык турмушту жандандырууда Кыргызстан элинин күч-аракетине өзүнчө бир колдоо болуп саналарын билдирди.
Эл аралык байкоочу миссияларынын өкүлдөрү Талант Мамытовду шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, шайлоо процесси жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын баса белгилешти.


Шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткендей одоно мыйзам бузуулар катталбагандыгы, президенттик шайлоо менен референдум ачык-айкын өткөндүгү, ал эми добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныкталган учурларда жооптуу адамдар тарабынан ыкчам чаралар көрүлгөндүгү айтылды.
Алар өлкөнүн мамлекеттик органдары экономикалык жана эпидемиологиялык оор кырдаалга карабастан, кыска убакыттын ичинде шайлоону жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн бир топ иштерди жасап жетишкендигин кошумчалашты.
Эл аралык байкоочулар болуп өткөн шайлоо коомчулуктагы тынчтыктын бекемделишине өбөлгө болоруна үмүт артышты.


Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу Талант Мамытов эл аралык байкоочулардын берген баасы маанилүү экенин баса белгилеп, айтылган бардык каалоо-тилектер менен сунуштамалар дыкат иликтенип, тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

262