7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талант Мамытов Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

373

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевди өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


«Сизди жана бир тууган Казакстан элин Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Көз карандысыздык алган жылдан тартып Казакстан Республикасы мамлекеттик курулуш, саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүү жаатында эң чоң ийгиликтерге жетишип, эл аралык аренада да мамлекеттин аброю бекемделүүдө.


Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы ынак коңшулукка, стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштыкка негизделген эки тараптуу мамиле биздин элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да тынымсыз өнүгүп, тереңдей берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

374