7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талант Мамытов Тегеранда Иран парламентинин төрагасы менен жолугушту

788

Кечээ 4-август Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Иран Ислам Республикасынын Ислам Кеңеши меджлисинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Мамытов Тегеран шаарына Ирандын президенти аятолла Сейед Эбрахим Раисинин инаугурациясына салтанатына Парламенттик делегацияны баштап барган.


Маектешүү учурунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришип, туризм, инвестициялар, медициналык туризм, инженердик-техникалык кызматтар ж.б.чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты.

Багер Галибаф эки өлкө темир жол, автомобиль жолдору байланышын жана авиакаттамдарды өнүктүрүүгө тийиш экендигин белгиледи.
Биздин өлкөлөр мамиледе колдо бар пайдубалды, атап айтканда, ШКУну пайдаланышы керек. Бул уюмга мүчө болоордо Кыргызстан Иранды колдогон, бул үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирем”,- деди Иран парламентинин спикери.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

789