Жасалма дипломду пайдалануу фактысы боюнча УКМК төмөндөгүлөрдү билдирди.
Талас шаарынын мэриясынын ММБнын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Д.Э. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жогорку билим жөнүндө жасалма дипломунун негизинде, аталган кызматты ээлеп турганы аныкталды.
Бул факты боюнча жогорку билими тууралуу жасалма документтерди жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө.