7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта 76 млн сомдук нефти базасы 3 га жери менен мамлекеттик кайтарылды

354

Талас районунда 76 млн сомго бааланган нефти базасы 3 га жер тилкеси менен мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Талас райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки текшерүүдө Талас районунун Беш-Таш айыл аймагындагы Присельный участогунда жайгашкан нефти базасы жана ага тиешелүү 3 гектар өнөр жай багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткендиги аныкталган.

Бул объект мурда «Кыргызгазмунайзат» мамлекеттик акционердик компаниясы тарабынан колдонулуп келген. 2005-жылдын 18-апрелинде аталган компаниянын буйругунун негизинде нефти базасы жеке жактардын менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп, 19 жыл бою жеке жактар тарабынан пайдаланылган. Ошондой эле, мыйзамсыз берилген буйруктун негизинде укук белгилөөчү документтерди алуу аракеттери жасалган.

Талас райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Беш-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына прокурордук акт келтирилип, анын негизинде базар баасы 76 миллион сомду түзгөн нефти базасы жана 3 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

355