7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта 9 күн айтылган «Манасты» Улуттук илимдер академиясы жазып алды

735

Талас жергесинде 9 күн айтылган “Манас” эпосу толугу менен Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы (УИА) тарабынан жазылып алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын ар кайсы аймагынан чогулган 30дан ашуун манасчы 13-марттан 21-мартка чейинки аралыкта күнү-түнү манас айтышкан. Иш-чара Кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан Айкөл Манастын айкелинин орнотулушуна карата уюштурулган.

«Манасты жазып алуу демилгеси окумуштуулар тарабынан көтөрүлүп, “Манас” эпосун илимий жактан изилдөөгө негизделүүдө. Алдын ала маалыматтарга ылайык, анда манасчыларга портреттик мүнөздөмө, текстологиялык анализдер, ошондой эле манасчылар тууралуу атайын басмаларды чыгаруу айтылууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

736