7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта автоунаанын ичинен 18 жаштагы кыздын сөөгү табылды

4837

Таластын Кара-Буура районунда автоунаанын ичинен 18 жаштагы кыздын сөөгү табылды, аны өлтүрүүгө шектелген 19 жаштагы улан өз өмүрүнө кол салган. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-июнь күнү, болжол менен саат 15:20 чамасында Кара-Буура РИИБдин нɵɵмɵт бɵлүмүнɵ Тез жардам кызматы Жаңы-Жер айылында белгисиз адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу кабар келген.

«Окуя болгон жерге барган милиционерлер токтоп турган автоунаанын ичинен болжолдуу түрдө октон жаракат алып көз жумган аялдын сөөгүн табышкан. Маркумдун Жаңы-Жер айылынын 18 жаштагы тургуну экени аныкталган», — деп берилет маалыматта.

Шектүү А.Т. 19 жашта, Кара-Буура районунун Кара-Суу айылынын тургуну экендиги такталды. Андан тышкары райондук милициянын тергөө бөлүмүнө 18 жаштагы Р.Н. аттуу жаран алып келинип, анын кылмышка канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендиги текшерилип жаткандыгы айтылды.

Машина райондук милициянын автоунаа токтотуучу жайына киргизилип, Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен кылмыш иши козголгон.

Белгилөөчү жагдай, тергөө-ыкчам иштеринин негизинде кылмышка шектүү бүгүн болжол менен саат 07:00дө табылып, ал милиционерлер барган учурда асынып каза болгондугу аныкталган.

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4838