7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта массалык мушташ орун алган

877

Таласта мас абалындагы жарандардын ортосунда мушташ чыккан. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 13-ноябрь түнү саат 02:40 чамасында Талас шаарынын Оторбаев көчөсүндө жайгашкан Алтын-Казык соода борборунда мушташ болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Анда соода борборуна келген бир нече жарандар пикир келишпестен урушуп кеткендиги аныкталган. Видео тасмадагы 7 жаранды милиция кызматкерлери шаардык ички иштер бөлүмүнө алып келишкен.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү учурунда алар тойдон чыккандыгы жана мас абалда экендиги аныкталган.

Наркологиялык бөлүм алардын спирт ичимдигин ичкендигин тастыктаган. Андан тышкары, 1998-жылы туулган окуяга байланыштуу Талас шаарынын тургуну травматология бөлүмүнө түшкөн. Бирок, окуяга катышкан жарандардын бардыгы ​ жана соода борборунун администрациясы ​арыз даттануудан баш тартышкан.

Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

878