7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта мыйзамсыз менчиктештирилген мектептин имараты жана жери мамлекетке алынды

355

Талас облусунун Айтматов районунда мыйзамсыз менчиктештирилген эски мектептин имараты жана жер тилкеси мамлекетке алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Айтматов районунун прокуратурасы тарабынан социалдык инфраструктуранын объектилеринин жеке менчикке берилүүсүнүн мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүүдө, 2004-жылы Ак-Чий айыл өкмөтүнүн (азыркы учурда Чолпонбай айыл өкмөтү) токтому менен Жоон-Дөбө айылындагы эски мектептин имараты мыйзамсыз түрдө Б.С. аттуу жаранга 90 миң сомго сатылгандыгы жана ал боюнча менчик укугун тастыктоочу документтери берилгендиги аныкталды.

Андан соң, 2005-жылы айыл өкмөттүн токтому менен мектеп жайгашкан жалпы 1,52 га жер тилкеси ошол эле жарандын жеке менчигине бөлүнүп берилген.

Мыйзамсыз берилген социалдык объектини жана жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында прокуратура тарабынан тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп, прокурордук чара көрүү актынын негизинде 3 млн 280 миң сомго бааланган мектептин имараты жана 1,52 га жер тилкеси мамлекеттик баланска кайтарылды.

356