7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта өрттөнүп кеткен унаанын ичинен жубайлардын жансыз денеси табылды (ВИДЕО)

563

Таласта жолдо унаа өрттөнүп кетип, аялы менен күйөөсү каза болду. Бул тууралуу 7-каналга Талас ОИИБден билдиришти.

Маалытка ылайык, кечээ, 19-октябрда саат 11:42де 112 кызматына Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын кире беришинде “Нексия” үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп жаткандыгы туралуу билдирүү түшкөн.

Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын батыш тарабы болгон, Тараз-Талас-Суусамыр автожолунун 158 чакырымында “ДЭУ Нексия” үлгүсүндөгү мамлекеттик № 07 KG 461 ABR унаа алды менен сүзүлүп, унаа өрттөнгөн абалда токтоп, толугу менен күйүп кеткендиги аныкталган.

Аталган унаа өчүрүлүп, унаанын ичинен айдоочу жана алдынкы олтургуч тарабында дагы бир жүргүнчүнүн күйүп кеткен жансыз денеси бар экендиги аныкталган.

Ал эми, текшерүү учурунда айдоочу Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын тургуну 1957-жылы туулган Б.К. жанындагы жүргүнчүсү, анын жубайы 1963-жылы тулган Ж.К. аттуу жарандар болгон.

Азыркы учурда аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

564