Бүгүн, 20-октябрдагы парламенттин жыйынында депутат Сүйүн Өмүрзаков мамлекеттик кызматкерлерди Кыргызстандын калкын аз деп атабоого чакырды.
«Биз каргыздар азбыз, 7 миллион элебиз»,- дегенди токтотушубуз керек. Биз кубаттуу мамлекетпиз. Айрым мамлекеттик кызматкерлер «кыргыздар аз сандабыз, этият болушубуз керек» деген сөздөрдү айтып жатышат. Бул эмне деген сөз, токтотуш керек мындайды. Азга карабай сапаттуулукка, жүрөктүлүккө, акыл-эстүүлүккө карайт. Биз эгемендүү мамлекетпиз, өзүбүз ушинтип жатсак, башкалар эмне деп ойлойт. Эртең бир жолу төбөбүзгө чыгып албайбы», -деди ал.
Белгилей кетсек, кечээ 19-октябрда Кыргызстандын жети миллионунчу болуп Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында уул бала төрөлдү.