7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин куттуктады

345

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, Кыргызстандын агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы жана КРнын айыл чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгы менен куттуктады.

Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Урматтуу Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай кызматкерлери! Урматтуу жыйындын катышуучулары! Бүгүн биз өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга чоң салым кошкон, экономика секторунун артыкчылыктуу тармактарынын бири болгон агроөнөр жай тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамын белгилеп жатабыз.

Айыл чарба кызматкерлери баба дыйкан жолун жолдоодо, төрт түлүк мал күтүүдө, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүдө тыным албай эмгектенип, анын үзүрүн көрүү менен бирге өлкөдө маанилүү экономикалык жана социалдык программаларды натыйжалуу аткарууга жана илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берип келе жатышат.

Мына ошондуктан, эң алды менен урматтуу агроөнөр жай тармагынын кызматкерлери — сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер!

Кудайга шүгүр, үстүбүздөгү жылда республиканын айыл чарба секторунда акырындык менен алгылыктуу жылыштар боло баштады. Буга агроөнөр жай комплексине мамлекеттик колдоонун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки жарым эсеге, же 26,6 млрд сомго көбөйгөндүгүн далил катары белгилей кетсек болот.

Мамлекеттик колдоонун көлөмүнүн кескин жогорулашынын жана бул тармактын чыныгы адистеринин күжүрмөн эмгегинин аркасында 2022-жылдын жыйынтыгында болжол менен 366,0 млрд сомдук айыл чарба продукциясын өндүрүүсү, же өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 42,0 млрд сомго, өсүү темпи 11,0 пайызга көбөйөрү күтүлүүдө.

Агрардык өлкө саналган Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин негизги багыттарынын бири — тамак-аш жана кайра иштетүү сектору. Бул тармакта үстүбүздөгү жылда жаңы 29 ири жана орто ишкана, 46 кичи ишкана түзүлүп, бул ишканаларда жаңы 750 жумушчу орун пайда болду.

Кластердик өндүрүштү тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын базасында түзүү жана аларды туруктуу өнүктүрүү максатында республикалык бюджеттен 10,0 млрд. сом каралып, бул багытка республикалык бюджеттен 3,4 млрд. сом бөлүндү, жыйынтыгында социалдык маанидеги азык-түлүктүн 9 түрү боюнча кластерлер түзүлүп, тармакта кластердик өндүрүш жандана баштады.

Ушул аракеттердин натыйжасында тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай секторунда 2022-жылдын январь-август айларында 32,7 млрд. сомдук продукция өндүрүлүп, тармактын өсүү темпи 112,3 пайызды түздү, же 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,8 млрд. сомго көбөйгөн. 

Мындан сырткары, өлкөнүн суу, токой, балык чарба тармактарында да алгылыктуу иштер жүрүп жаткандыгына жалпы эл күбө.

Бүгүн талыкпаган эмгеги аркылуу өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон, мамлекетти өнүктүрүүнүн улуттук максаттарына жетүүгө, экономикалык жана социалдык программаларды аткарууга көмөктөшкөн айыл чарба кызматкерлерине, жеке ишкерлерге чын дилимден ыраазычылык билдире кетейин!

Урматтуу агроөнөр жай кызматкерлери! Урматтуу жыйындын катышуучулары! 

Өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсү мамлекеттин ырааттуу өнүгүшү менен түздөн-түз байланыштуу. Айыл чарба жаатында айкын максаттарды алдыга коюп, талыкпас эмгек менен ширелишкен демилгелери, умтулуулары күч мекендештерибиз экономиканын өнүгүшүнө олуттуу салым кошот деп үмүт кылам.

Мамлекет айыл чарба секторуна, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүгө тиешелүү шарттардын баарын түзүүгө, айыл чарба тармагында эмгектенгендерди ар тараптан колдоого абдан чоң көңүл бурууда. Өзүңүздөр билгендей, буга чейин социалдык чөйрөдөгү кызматкерлерибиздин айлыктары көтөрүлгөн. Алар менен кошо сиздердин дагы эмгегиңиздерди татыктуу баалоо максатында маянаңыздар көтөрүлүп олтурат.

Урматтуу агроөнөр жай кызматкерлери, мындан ары дагы өлкөбүздүн экономикалык климатын жакшыртууда негизги стратегиялык маанидеги секторго жооптуулардын бири катары өз милдетиңиздерди ийгиликтүү аткарасыздар деп терең ишенем.

Биз баарыбыз – ар бир дыйкан, ар бир фермер, ар бир ишкер, ар бир айыл чарба субъектиси жалпы күч-аракетибизди – билимибизди, тажрыйбабызды, шык-жөндөм талантыбызды жуурулуштуруп, Кыргызстаныбызды бакубат мамлекетке айлантабыз деген чоң максатты көздөшүбүз керек!

Бардык агроөнөр жай кызматкерлерине дем-күч, жоопкерчиликтүү ишиңиздерде албан-албан жетишкендиктерди, кесипкөйлүктү жана өжөрлүктү каалайм. “Эр эмгегин жер жебейт” деген накыл кептегидей, кылган аракетиңиздердин үзүрүн көрүп, таман акы, маңдай териңиздер акталсын!

Ал эми биз мамлекет тараптан болгон күч-аракетибизди жумшап, сиздерге жардамыбызды аябайбыз.

Сөзүмдүн акырында айтарым, мына быйылкы жылга дыйкандар менен фермерлерге алты пайыздык үстөк менен үч жылга чейин кредиттерди беребиз деп республикалык бюджеттен 26 млрд сом бөлдүк эле. Кийинки жылга дагы бөлөбүз. Алдыдагы бир беш-алты жылга дыйкандар менен фермерлерди толук камсыз кылабыз деген планыбыз бар.

Быйыл кезекке тургандардан насыяга жетпей калгандар болуп атат. Бардыгын бир жылда камсыз кылыш өтө оор экен. Анткени бизде республика боюнча жарым миллион дыйкан-фермерлер бар. Беш жүз миңге бир эле жылда бере коюш кыйын экен, жетпейт экен. Ошондуктан, биз алдыдагы беш-алты жылда жыл сайын үч жылдык кредитти берип отуруп, баардык дыйкан-фермерлерге бергенге мамлекет болгон күчүн жумшайт. Быйыл кезек жетпей калса, эмдиги жылы жетет, эмдиги жылы жетпей калса, аркы жылы жетет, сабырдуулук кылып күтүп туруңуздар.

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктаймын!

Дайыма ден соолукта болуңуздар. Иштериңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалаймын!”.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

346