7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Ал адам уурдоого шектелүүдө

628

Талас районунда адам уурдоо жана бейбаштык боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, январь айынын аягында Бакай-Ата районунун айылдарынын биринде жашаган жашоочусунун үйүнө түндө төрт эркек киши келген. Алар күч колдонуп эки адамды унаага салып, аларды ээн жерге алып барып сабашкан.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 170 «Адам уурдоо» жана 266 «Бейбаштык» беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тергөөнүн жүрүшүндө үч шектүү бир маалда кармалып, бирөөсү качып кетүүгө үлгүргөн.

12-мартта үчүнчү шектүү табылып, камакка алынган. Милициянын маалыматы боюнча, кылмышка шектүү М.М. мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун (ОПГ) мүчөсү катары ИИМдин ыкчам реестринде каттоодо турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

629