Бугүн, 15-мартта Кеминде тез жардам унаасынын катышуусунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу видео телеграм каналдарга жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жол кырсык Бишкек-Торугарт унаа жолунда Кемин районунун Чым-Коргон айылына жакын жерде болгон. Анда бир нече унаа кагылышкан, анын ичинде тез жардам кызматы да бар.