Жалал-Абад шаарында 7 кудуктун темир капкактары уурдалды. Бул тууралуу Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 14-март түнү Жалал-Абад шаарынын Манас проспектисиндеги жолдун эки тарабында сууканал башкармалыгына таандык 7 кудуктун капкагы уурдалган.
«Учурда унааларга ыңгайсыздыкты жаратпоо жана адамдардын коопсуздугу үчүн уурдалган капкактардын ордуна башкасы коюлууда. Эгерде кимдир-бирөө темир капкактардын уурдалганын көргөн болсо же темир алуучу жайлар алган болсо 105, 0551 00-01-05 номерине байланышып коюңуздар», — деп айтылат маалыматта.
Жалал-Абад шаардык мэриясынан аталган фактылар боюнча мыйзам чегинде чара көрүлө тургандыгын кошумчалашты.