7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелери аныкталды

316

Талас облусунда жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилген айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун айрым жооптуу кызмат адамдары тарабынан 2009-2024-жылдар аралыгында акчалай сый акы үчүн 163 бирдик айыл чарба  трансформацияланбаган жалпы аянты 95,9 га жер тилкелерин жеке менчикке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилгендиги аныкталды.

Бул факты боюнча 10-февралда Бакай-Ата айыл аймагынын жер маселелери боюнча адиси А.О. кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда  УКМК тарабынан жогоруда аталган мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

317