7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта жергиликтүү кеңештин спикери менен администратору кармалды

209

Талас облусунда коррупция фактысы боюнча Аманбаев айылдык кеңешинин спикери жана атайын администратору кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Атайын администратор Э.А.М. тарабынан «Күркүрөө» дыйкан чарбасынын банкроттоо жол-жобосун жүзөгө ашыруу шылтоосу менен 46 жер тилкесине укук белгилөөчү документтер, анын ичинде Аманбаев айылдык кеңешинин спикери Н.У.М.га жана анын жакын адамдарына 12 жер тилкеси мыйзамсыз берилген.

Көрсөтүлгөн жер тилкелери иш жүзүндө «Күркүрөө» дыйкан чарбасынын балансында болгон эмес, ал эми айрымдары токой тилкелери болгон, аларды тескөөнүн өзгөчө тартиби белгиленген.

26-февралда аталган адамдар кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.

210