7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таластагы газ баллондун жарылуусунда жаракат алган аял көз жумду

316

Кара-Буура районунун коомдук тамактануу жайындагы газ баллондун жарылуусунан жаракат алган тургун каза болду. Бул маалыматты аймактык оорукананын директору Улан Бийгелдиев тастыктады.


Маалыматка ылайык, жаракат алган аял Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда көз жумган.


Эске сала кетсек, Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы коомдук тамактануу жайында газ баллондун жарылышынын натыйжасында 10 адам жабыркаган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы жергиликтүү ооруканага баргандан кийин бир нече жабырлануучуну Бишкекке которуу пландаштырылган. Азыр эки адам Кара-Буура аймактык ооруканасында дарыланып жатат, калгандары буга чейин үйүнө чыгарылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

317