7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талибан: 31-августтан кийин бир дагы жан Афганистандан чыкпайт. АКШ чоочулоодо

1114

«Талибан» кыймылы 31-августтан кийин кайсыл улут же ким гана болбосун Афганистандан чыгууга тыюу салат. Бул тууралуу маалыматты талибдердин өкүлү Забихулла Муджахид билдирген.

Ал, “Биз 31-августтан кийин эвакуациялоо боюнча операцияларга жол бербейбиз”, — деген.

Мындан тышкары, Муджахид Кабул аэропортуна жолдор жабык экенин айтып, ал жакка азыр чет элдик жарандар гана өткөрүлүп жатканын кошумчалады.

Ал эми АКШнын Өкүлдөр палатасынын чалгын иштери боюнча комитетинин төрагасы Адам Шифф Америка аскерлеринин Афганистандан эвакуациялоо иштерин 31-августка чейин аяктай аларына күмөн санап, алардын миссиясы узартылары боюнча пикирин айтканын РИА Новости маалымат сайты жазган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1115