7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Танктын экипажын куткарып, денесинен 40% күйүк алган аскерге операция жасалат

1045

Эксперт Гүлнура Төралиева соцтармактагы баракчасына Тажикстандын кол салуусунда танктын экипажын куткарган аскер денесинен 40 пайыз күйүк алганын жазып, «Кыргызстандын баатыры» сыйлыгына татыктуу экенин билдирген.

«Рысбек Шайыпов былтыр танк биатлону боюнча дүйнөнүн чемпиону болгон. Өзүнүн каалоосу менен Баткендеги чек араны коргоого барган.
Тажикстандын кол салуусунан өз өмүрүн тобокелге салып, танктын экипажын сактап калган. Миналардан куткарам деп, денеси 40% күйүк алып, бети, колу жана буттары күйгөн. Учурда дарыланып жатат, ага жакында операция жасалат. Бүгүн мен ага дары-дармек, кийим-кече алып келдим»,-деп жазган.

Медиа эксперт жогорудагы аскердин эрдиги «Кыргызстандын баатыры» сыйлыгына татыктуу экенин белгилеген.

https://www.facebook.com/gulnura.toralieva/posts/10160261422653834

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1046