7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Танзания тарыхында биринчи жолу аял киши президент болду

787

Танзания тарыхында биринчи жолу аял киши президент болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мурдагы өлкө башчысы Джон Магуфули 2015-жылдан бери өлкөнү башкарып келген, 61 жашында көз жумгандан кийин, анын ордуна вице-президент Самия Сулуху Хасан келди. Ал кечээ, 19-мартта ант берди.

«Мен, Самия Сулуху Хасан, чынчыл болууга, Танзаниянын Конституциясын сактоого жана коргоого убада берем», — деди Хасан ант берүү аземинде.

Расмий маалыматтарга караганда, Магуфулинин өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгон. Бирок Financial Times гезити билдиргендей, Танзаниянын президенти коронавируска чалдыккан жана февралдын аягынан бери эл алдына чыга элек болчу. Алгач Конгодо, андан кийин Индияда дарыланган.

Магуфули Африкадагы коронавируска күмөн санаган лидерлердин бири болгон. Ал ооруну дарылоонун илимий ыкмаларын четке каккан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

788