7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жүрөгүм токтоп калгандай эле болду» Facebook, Instagram, WhatsApp кыйроого учурады

958

Facebook, Instagram, WhatsApp тиркемелери дүйнөлүк масштабда кыйроого учурады. Бул тууралуу популярдуу интернет ресурстарынын көйгөйлөрүн көзөмөлдөгөн Downdetector сайты тастыктады.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактардын ишиндеги үзгүлтүк Москва убактысы боюнча саат 20: 10до башталган. Ал эми интернет колдонуучулар бул үзгүлтүккө карай ар кандай билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн.

Downdetector билдиргендей, Facebook колдонуучуларынын көпчүлүгү (90%) сайтка нааразычылыктарын билдиришип, 9%ы кире албай калышкан. Москва убактысы боюнча саат 20: 49да 386 нааразычылык билдирүү келип түшкөн. Буга чейин мындай үзгүлтүккө учуроо 26-февралда байкалган.

Instagram колдонуучуларынын жарымынан көбү (56%) жүктөө көйгөйлөрүнө нааразы болуп, 27%ы кире албай, 16%ы веб-сайт иштебей калган. Москва убактысы боюнча саат 20: 24кө карата 14 миң 545 адам үзгүлтүккө тушугушкан. Ал эми буга чейинки кыйроо 25-февралда болгон.

WhatsApp колдонуучуларынын 95%ы серверге кире албай калышты, 2%ы веб-сайттын ишине нааразы, ал эми 1% гана колдонуучу кире алган. Саат 20: 25те 4 миң 471 колдонуучу WhatsAppка нааразы болушкан. Буга чейин WhatsAppка байланыштуу арыздар 8-февралда келип түшкөн.

Ошондой эле Кыргызстанда дагы бул кыйроо байкалып, билдирүүлөр кабыл алынбай жатканы байкалды. Сервер оңдолгондон кийин социалдык тармактардагы колдонуучулар «Мен телефонумду чаап салайын дедим», «Жинди болуп кала жаздадым го», «Жүрөгүм токтоп калгандай эле болду», — деген тамаша-чыны аралаш постторду жайнатышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

959